Маселе Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында бүгүн, 15-январда каралат. Жыйында Мамлекеттик мүлк фондунун жетекчиси баяндама жасайт.
Күн тартибине Кыргызстандагы авиакомпанияларга жеңилдик берүүнүн зарылдыгы жөнүндө маселе да киргизилген. Ага Транспорт жана жол министрлигине караштуу Жарандык авиация агенттигинин жетекчилиги чакырылган.
Буга чейин “Эйр Кыргызстан” мамлекеттик ишканасынын акцияларынын 49 пайызы өкмөттүн чечими менен сатыкка коюлган.
Октябрда комитеттеги талкуу учурунда Маммүлк фонду "мамлекеттик жалгыз авиакомпаниянын абалы оор" деп, абалдан ишкананы менчиктештирүү же Кытай өңдүү авиациясы өнүккөн өлкөлөргө сатуу аркылуу чыгууну сунуш кылган.
Кыргызстандык авиакомпаниялар 13 жылдан бери Эл аралык жарандык авиация уюмунун "кара тизмесинен" чыга албай жатат. (NT)