Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:48

Талас: мекемелерге ууруга киргендер кармала элек


Таластын кире бериши.
Таластын кире бериши.

Таластагы муниципиалдык мекемелерге кирген уурулар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 200-беренеси ("Уурулук") менен кылмыш иши козголду. Учурда иликтөө жана тергөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Динара Сарногоева билдирди.

Эки жума мурун белгисиз адамдар мэрияга караштуу "Таза суу" муниципалдык ишканасынан ноутбук, Коммуналдык чарба ишканасынан фотоаппарат, флешка өңдүү буюмдарды уурдап кетишкен.

Андан кийин үй-бүлөлүк медициналык борборуна да ууру кирип, эсеп-кысап бөлүмүндөгү сейфти ачканга аракет кылган. Ошол имаратта жайгашкан дарыканадан 1800 сом уурдалганы белгилүү болгон. (AlS)

XS
SM
MD
LG