Кум-Бел көмүр кениндеги абал боюнча мекеме аралык жумушчу комиссиянын ишинин баштапкы жыйынтыгы чыкты.
Кыргыз өкмөтү Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү менен бирге кенде жаратылышка, элдин саламаттыгына келтирген зыянды аныктады.
Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай, кенден чыккан калдыктар тоо бооруна чогултулган. Натыйжада булак суусуна көмүрдүн чаңы аралашкан.
Өкмөт бийлик калкты таза суу менен камсыздоо боюнча чара көрүп жатканын билдирди. «Цзинь Лун» ишканасынын өкүлдөрү менен жергиликтүү тургундар жолугушуп, компания калкты ичүүчү суу менен камсыз кылыш үчүн скважиналарды орнотмой болду.
Ошондой эле Кум-Бел көмүр кениндеги «Цзинь Лун» жана «Эркебек» ишканаларынын жаратылышты сактоо аракеттери текшерилип, айлана-чөйрөгө келтирилген зыян эсептелип жатат.
Мурдараак «Эркебек» ишканасына жер кыртышын бузгандыгы үчүн 362 миң сом айыппул салынган.
Буга чейин Кум-Бел көмүр кениндеги топурак аралаш көмүр Зергер дарыясына кошулуп, Өзгөн районундагы жети айылдын элин таза суусуз калтырганы кабарланган.
Аталган кен Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жайгашкан. Жагдайды изилдеп чыгыш үчүн Жаңы жыл майрамынан соң мекеме аралык жумушчу комиссия түзүлгөн.
Анын алдында "Фейсбукта" Кум-Бел кенинен чыккан кир суу Зергер дарыясына кошулуп, көмүр аралаш агып жатканы тартылган видео тараган. Бул дарыя Оштун Өзгөн районундагы Токтогул, Алтыбай, Жаңы Айыл, Кайрат, Ак-Коргон, Аюу, Зергер айылдарын да аралап агат. (SE)