Ош шаарында 10-январда көчөдө жаштардын ок аткан окуясы иликтенип жатат.
Бирок милиция ок кандай куралдан атылганын тактай элек. Шаардык ички иштер башкармалыгы 14-январда берген расмий маалыматка караганда, окуя мэрия жана облустук бийликтин имаратына жакын "Изюм" ресторанынын тегерегинде болгон.
Топтошкон жигиттердин бири асманга ок атканы тууралуу видео социалдык тармакка тараган.
Милиция бул тасманы иликтеп, ага катышкан деп шек саналгандарды суракка алган. Баштапкы маалыматтарга ылайык, алар туулган күндү белгилеп жатканда 21 жаштагы жигит асманга ок аткан. Эч ким жабыркаган эмес.
Бул факт Жоруктар кодексинин 121-беренеси ("Калктуу конуштарда ок атуу") менен териштирилип жатат. (MdN)