Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:14

Өзбекстанда беш күн бою "Алпамыш" дастаны айтылат


Алпамыш баатырдын эстелиги. Казакстандын аймагында, Чымкент-Ташкент жолунун боюна орнотулган.
Алпамыш баатырдын эстелиги. Казакстандын аймагында, Чымкент-Ташкент жолунун боюна орнотулган.

Өзбекстанда беш күн бою кечинде улуттук "Алпамыш" дастаны айтылат. Аны "OXUS Culture" коому Көркөм өнөр галереясы менен бирге уюштурган. "Дастан кечеси" аттуу адабий иш-чара 15-19-январь күндөрү кечинде болот. Анда "Алпамыш" дастаны алгач ирет толук түрдө ырдалат. 

"Азаттыктын" өзбек кызматы жергиликтүү булактарга таянып билдиргендей, дастанды Өзбекстандын эл акыны Абдуназар Поёнов айтат. 

"Алпамыш" - өзбек адабиятындагы улуттук баатыр, бирок казак, каракалпак, татар, башкыр, алтай элдери да аны өздөрүнүн адабий каарманы, баатыры катары мүнөздөп келишет. 

Буга чейин Кыргызстанда бир жумалап күнү-түнү "Манас" айткан адабий кечелер уюштурулган. (SE)

 

XS
SM
MD
LG