Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:00

Конституциялык реформа өткөрүү боюнча мыйзам долбоору даярдалды


Кыргызстандын желегин көтөргөн активисттер. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандын желегин көтөргөн активисттер. Иллюстрациялык сүрөт.

Конституциялык реформа өткөрүү боюнча мыйзам долбоору даярдалды. Ал саясий жана мекенчил күчтөрдүн 24-ноябрдагы курултайынын чечимдеринин негизинде жазылды. Бул тууралуу "Элдик курултай" уюму 15-январда Бишкекте уюштурган жыйында айтылды.

Долбоордо жети маселе камтылган. Анда референдум өткөрүүнү ушул жылдын 24-ноябрына дайындоо белгиленген.

Жети суроонун ичинде "Конституциянын жаңылоо", "Мамлекеттик башкаруу формасын тандоо", "Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо системасын тандоо", "Аймактык реформа" сыяктуу маселелер камтылган.

Жыйынга саясатчылар жана коомдук ишмерлер Азимбек Бекназаров, Медеткан Шеримкулов, Курманбек Осмонов, Мукар Чолпонбаев, Турсунбек Акун, Кенжебек Бокоев, Досбол Нур уулу жана башкалар катышты.

Бишкекте 24-ноябрда коомдук, саясий жана мекенчил күчтөр “Кыргызстан: кечээ, бүгүн, эртең” деп аталган курултай өткөрүшкөн. Анда жаңы Конституция кабыл алуу, Алмазбек Атамбаевдин бийлигинин тушунда камалган саясатчылардын ишин кайра кароо, Жогорку Кеңештин ишин “канааттандырарлык эмес” деп табуу, паспорттогу “улуту” деген графаны кайра жазуу сындуу сунуштар менен резолюция кабыл алынган. (KE)

XS
SM
MD
LG