Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:25

Түркмөнстан резервдеги аскерлерди каттоого алууда


Түркмөн аскерлери. Иллюстрациялык сүрөт.
Түркмөн аскерлери. Иллюстрациялык сүрөт.

Түркмөн бийлиги резервдеги аскерлерди каттоого алып жатат. “Азаттыктын” түркмөн кызматынын Коргоо министрлигиндеги өз булагы кабарлагандай, бардык аскер комиссариаттарына 50 жашка чейинки эркектердин согуштук аракеттерге даярдыгын текшерүү тапшырылган.

Бул ооган-түркмөн чек арасындагы кооптуу кырдаалга байланыштуу. Бышыктала элек маалыматтарга караганда, аймакта жоочулар жандана баштаган.

12-январда “Азаттыктын” түркмөн кызматынын Ашхабаддагы кабарчысы борбордо резервдеги аскерлерди кайра каттоо башталганын маалымдаган.

Ооганстандын беш провинциясы Түркмөнстан менен чектешет. Күн мурун “Түркмөнстан хроникасы” өлкөдө орусиялык аскерлер менен кошо аскердик машыгуулар жанданганын жазган.

XS
SM
MD
LG