Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Ноябрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 21:42

Парламент комитети элчилик кызматка көрсөтүлгөн талапкерлерди колдоду


Кыргыз өкмөт башчысынын Кытайдагы сапарында тартылган сүрөт. 2015-жыл.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук боюнча комитети төрт мамлекетке элчилик кызматка көрсөтүлгөндөрдүн талапкерлигин колдоду. Комитеттин отуруму 15-январда болду.

Тышкы иштер министрлиги Орусиядагы элчинин кызматына мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкуловдун, Түштүк Кореяга тышкы иштер министринин орун басары Динара Кемелованын, АКШга Кыргызстандын Орусиядагы азыркы элчиси Болот Отунбаевдин жана Кытайга дипломат, мурунку элчи Канайым Бактыгулованын талапкерлигин көрсөткөн.

14-январда президенттин жарлыгы менен АКШдагы жана Канададагы элчи Кадыр Токтогулов ээлеген кызматынан бошотулган. Учурда Кытайдагы элчинин орду да бош турат. Мурдагы элчи Азамат Үсөнов декабрда кызматтан бошотулган. (SE)

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG