Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:04

Британ мыйзамчылары Брекзит келишимине добуш беришет


Тереза Мэй мекендештеринин алдында сүйлөп жаткан учуру. 14-январь, 2019-жыл.
Тереза Мэй мекендештеринин алдында сүйлөп жаткан учуру. 14-январь, 2019-жыл.

Британ мыйзамчылары өлкөнүн Евробиримдиктен чыгышын караган Брекзит келишимине добуш берүүнүн алдында турат. Бир катар саясатчылар 15-январдын кечине белгиленген премьер-министр Тереза Мэйдин келишим долбоору жетиштүү колдоо таппайт деп божомолдоп жатышат.

Мэйдин өкмөтү Британиянын Евробиримдиктен чыгышынын шарттары боюнча Брюссел менен түзгөн макулдашуу парламенттен колдоо табышы үчүн кеминде 318 добуш талап кылынат.

Добуш берүүнү утурлай Мэй мыйзамчылар келишимди колдобосо Британиянын Европа Биримдигинен чыгуу жараянын тобокелге саларын эскертти.

Премьердин өзүнүн партиясында да "келишим Британиянын кызыкчылыктарына жооп бербейт" деп эсептеген топ бар. Ушундан улам Мэй өткөн айда парламенттеги добуш берүүнү токтотууга да аргасыз болгон.

Британиянын Евробиримдиктен чыгышы боюнча референдум 2016-жылдын июнь айында өтүп, анда бул сунушту добуш бергендердин 52% колдогон.

XS
SM
MD
LG