Москванын Лефортово соту былтыр ноябрда Кара деңизде кармалган украиналык деңиз аскерлеринин камактагы мөөнөтүн узартууну карайт. Орусиянын тергөөчүлөрү колго түшүрүлгөн украин кемесинин экипажын 26-апрелге чейин камакта калтырууну соттон өтүнүшкөн.
Сот процессине Жогорку Раданын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Людмила Денисова жана айыпталуучулардын жакындары катышары айтылды. Бирок Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы - ФСБ соттук жыйынды жабык өткөрүүнү өтүндү. Адвокаттар муну Кылмыш-жаза кодексин жана соттун ачык-айкындыгын бузуу деп баалашты.
Украин бийлиги Согуш туткундары жөнүндө Женева конвенциясына ылыйык колго түшүрүлгөн аскерлер тезинен бошотулушу керек деп эсептейт.
Былтыр 25-ноябрда Кара деңиз менен Азов деңизи кесилишкен Керч кысыгында Орусия Украинанын үч кемесин, 24 деңиз аскерин күч менен кармап кетип, кийин алардын баарын эки айга камакка алган.
Окуяны Украина жана Батыш өлкөлөрү “агрессия” десе, Орусия “чагым” катары баалаган.