Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:42

АКШ менен кызматташтык боюнча жаңы келишим түзүүнү жандантуу сунушталды


Кыргызстан менен АКШнын желектери.
Кыргызстан менен АКШнын желектери.

Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев 2015-жылы АКШ менен кызматташтык боюнча келишим бир тараптуу жокко чыгарылгандыктан, жаӊы келишим түзүүнү тездетүү зарыл экенин билдирди.

Парламенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, депутат мындай пикирин 15-январда Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет төрт мамлекетке көрсөтүлгөн элчилердин талапкерлигин карап жаткан учурда айтты.

“1993-жылы 19-майда Вашингтондо кол коюлган Кыргызстан менен АКШ өкмөттөрүнүн кызматташтык тууралуу келишимин денонсациялоо жөнүндө" токтомго 2015-жылдын 21-июлунда ошол кездеги премьер-министр Темир Сариев кол койгон.

Кыргызстан мындай кадамга АКШнын Мамлекеттик департаменти Азимжан Аскаровго “адам укуктарын сактоого кошкон салымы үчүн” деген сыйлык ыйгарган соң барган. Аскаров 2010-жылдагы Оштогу кандуу калабаны уюштургандардын бири катары өмүрүнүн аягына чейин соттолгон. Ал өзү, укук коргоочулар жана эл аралык коомчулук муну доомат катары сыпаттап келатышат.

АКШ 1991-жылы 27-декабрда дүйнөдө биринчилерден болуп Кыргызстандын эгемендигин тааныган.

Быйыл 14-январда президенттин жарлыгы менен АКШдагы жана Канададагы элчи Кадыр Токтогулов ээлеген кызматынан бошотулган. Ордуна Орусиядагы элчи Болот Отунбаевдин талапкерлиги көрсөтүлүп, анын Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет жактырды. (SE)

XS
SM
MD
LG