Тажикстандык журналист жана жергиликтүү КВН лигасынын жетекчиси Хайрулло Мирсаидов азырынча Грузиядан өз мекенине кайтууну көздөбөйт. Журналист “Настоящее время” телеканалы менен болгон маегинде Хожент шаардык сотунун өкүмү "мекенине жолду жапканын" билдирди.
Өткөн аптада Хоженттин соту "уруксатсыз өлкөдөн чыгып кеткен" деп журналистти сыртынан сегиз ай абакка кескен. Андан мурда Мирсаидов "мамлекеттин каржысын кымырган" деп 12 жылга соттолгон. Бирок коомчулуктагы нааразылыктан соң өкүм коомдук ишке тартуу жана ири айыппул менен алмаштырылган эле.
Мирсаидов муну Хожент шаарындагы аткаминерлердин жемкорлук иштерин тартынбай айтып чыккан үчүн алар "өч алып атышат" деп баалаган. Укук коргоочулар да "журналист саясий негизде соттолду" деп, аны тезинен эркиндикке чыгарууну тажик бийлигинен талап кылышкан.