Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:02

Трамп Ак үйгө келгендерди фастфуд менен сыйлады


Президент Трамп Ак үйдө меймандарды тосууда, 14-январь, 2019-жыл.
Президент Трамп Ак үйдө меймандарды тосууда, 14-январь, 2019-жыл.

АКШнын президенти Дональд Трамп Ак үйгө келгендерди шам-шум этчү тамак-аш (фастфуд) менен коноктоду. "Пицца, 300 гамбургер жана картофель фри бар. Баары сүйүктүү тамактарыбыз" деди президент "Clemson Tigers" командасынын оюнчуларына. Алар америка футболу боюнча коллеждер арасындагы чемпионатты уткан үчүн Ак үйгө чакыруу алышкан.

Демейде президенттик сый тамакта фастфуд берилбейт. Бирок "шатдаунга" же федералдык программаларга каражат берилбей жабык турганына байланыштуу Ак үйдө ашпозчулардын көбү ишке чыккан эмес. Федералдык агенттиктердин ишинин үзгүлтүккө учурашы Трамп менен Демократиялык партиянын тил табышпаганына байланыштуу уланууда. Трамп "мигранттар мыйзамсыз кирип жатат" деп АКШ менен Мексиканын чек арасына дубал курууга алты миллиардга жакын доллардай акча бөлүүнү сураган. Бирок Конгресстеги демократтар ага каршы. Ошон үчүн өлкө бюджети кабыл алынбай, өкмөткө каражат берилбей турат. Буга байланыштуу жүз миңдеген мамлекеттик кызматкерлер 22-декабрдан бери айлык ала албай, бир тобу акы төлөнбөгөн өргүүгө чыгышкан, айрымдары бекер иштеп атышат.

Бул АКШ тарыхындагы эң узак кризис болуп калды.

XS
SM
MD
LG