Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:24

Крестинин: Азия кубогунда Кыргызстандын тайпадан чыгуу мүмкүнчүлүгү жогору


Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы. Рашид стадиону. Дубай шаары.
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы. Рашид стадиону. Дубай шаары.

Футбол боюнча улуттук курама команда Азия кубогунун кийинки баскычына чыгышы мүмкүн. Ал үчүн кыргыз футболчулары тайпалык баскычтагы акыркы оюнунда Филиппин курама командасын жеңиши керек. Башкы машыктыруучу Александр Крестининдин 15-январда журналисттерге билдиргенине караганда, Филиппин менен боло турчу оюн Кыргызстандын мелдештеги тагдырын чечет.

- Албетте жүз пайыз мүмкүнчүлүгүбүз бар, тайпадан чыгабыз деп айта албайм. Бирок башка командаларга караганда мүмкүнчүлүгүбүз жогору. Эгер биз Филиппин курама командасын жеңсек, тайпадан чыгабыз, - деди башкы машыктыруучу.

Александр Крестинин кошумчалагандай, ак шумкарлардын даярдыгы жакшы:

- Тайпадагы үчүнчү оюн – негизи эле көп нерсени чечет эмеспи. Биз үчүн да чечүүчү оюн болуп турат. Ага жалпы команда чечкиндүү түрдө даяр. Оюнчулардын маанайы жакшы. Бардык күч-аракетибизди жумшап, жеңишке жетүүгө аракет кылабыз.

Кыргызстан жана Филиппин курама командаларынын оюну 16-январда, Бириккен Араб Эмирлигинин Дубайдагы Рашид стадионунда өтөт. 15-январда футбол боюнча улуттук курама команда аталган стадиондо беттеш алдындагы машыгуусун өткөрдү. Ага 23 футболчу катышты.

Учурда "С" тайпасында Кытай менен Түштүк Корея командаларынын алтыдан упайлары бар. Ал эми Кыргызстан менен Филиппинде упай жок.

Кыргызстан Азия кубогуна биринчи жолу катышууда. "Ак шумкарлар" буга чейин бул турнирдин тандоо бөлүгүнөн ары өтө албай келген. (GT)

XS
SM
MD
LG