Британиянын парламенти шейшембиде кечинде өлкөнүн Евробиримдиктен чыгышы боюнча Брюсселде жетишилген келишимге каршы добуш берди. Премьер-министр Тереза Мэй Брюсселде Евробиримдиктин жетекчилери менен жетишкен макулдашууда Британиянын Еврошаркеттен чыгышынын жол-жоболору камтылган. Документке британ парламентинин 432 депутаты каршы добуш берип, 202си макул болду. Парламенттеги чечим жарыяланаар замат оппозиция лидери Жереми Корбин британ өкмөтүнө ишеним көрсөтүү маселесин добушка коюуну сунуш кылды.
Премьер Мэй мурдараак Брюсселде жетишилген макулдашуу колдоо таппаса, өз өкмөтүнө ишеним көрсөтүү маселеси шаршембиде каралышы керек деген пикирин айткан. Байкоочулар өкмөт кызматтан кетсе, Британияда мөөнөтсүз шайлоо жарыяланып, 29-мартка белгиленген Евробиримдиктен чыгуу жараяны кийинкиге калтырылып, балким маселе кайра референдумга чыгарылышы да мүмкүн экенин болжолдоп жатышат.
Британ парламентиндеги саясий күчтөр Евробиримдиктен чыгуу боюнча жаңы келишимди макулдаша албаса, 29-мартта өлкө уюмдан эч кандай макулдашуусуз бир тараптуу чыгып калышы ыктымал. Эксперттер андай кадамдын экономикалык кесепеттери оор болуп калышы мүмкүн экенин эскертип келатышат.