Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Ноябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 08:15

Нарын шаарында аялдар форуму өтөт


Нарын шаары.

БУУнун аялдардын укуктары жана мүмкүнчүлүктөрү тууралуу резолюциясын ишке ашырууну талкуулаган форум бүгүн, 16-январда Нарын шаарында болот.

Иш-чарага Жогорку Кеңештеги депутат аялдар, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, жергиликтүү кеңештин депутаттары, жарандык активисттер катышат. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстан БУУнун тиешелүү резолюциясынын алкагындагы “Тынчтык жана коопсуздук маселелерин илгерилетүүдөгү аялдардын ролун жогорулатуу” долбоорунда төрт өлкөнүн бири катары тандалып алынган.

Нарындагы жыйында 2018-2020-жылдарга карата бул долбоор боюнча аткарыла турган иш пландары ортого салынат.

XS
SM
MD
LG