Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:44

Кара-Суу: кызылча жуккан балдардын көбү эмдөөдөн өткөн эмес


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош облусунун Кара-Суу районунда кызылча (корь) жуктурган балдардын көпчүлүгү эмдөөдөн өткөн эмес. Бул тууралуу "Азаттыкка" райондук оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери Маккамбай Даминов билдирди.

- Былтыр Кара-Суу району боюнча 347 ата-эне балдарын кызылчага каршы эмдөөдөн баш тарткан. Биз жыл сайын эмдөө жүргүзөбүз. Кара-Суу району чоң. Жылына 5-6 пайызы эмделбей калса, оору бат эле көбөйүп кетет. Кудай сактап, чоңдорго жукпай жатат. Эгерде мектептеги, бала бакчадагы балдарга жукса кыйын болуп калат.

Кара-Суу районунда 2018-жылдын 26-декабрынан бери кызылча менен 53 бейтап дарыгерлерге кайрылган.

Райондук оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн башкы дарыгери Абдыгапар Гаипов «Азаттыкка» билдиргендей, илдетке кабылгандардын 90 пайызы бир жашка чейинки балдар. Учурда 20 бала бейтапканада дарыланууда.

Кыргызстанда кызылча, кызамык сыяктуу жугуштуу ооруларга каршы эмдөө мезгил-мезгили менен жүргүзүлүп турат. Бала төрөлгөндөн тартып 11 жашка чыкканча он чакты оор илдетке каршы вакцина алат.

Бирок акыркы жылдары балдарын эмдетүүдөн баш тарткандар көбөйдү. Алардын басымдуу бөлүгү буга диний көз караштан улам каршы чыкса, айрымдары "эмдөөгө колдонулган вакцинанын курамында организмге зыяндуу заттар бар" деген ой менен балдарын эмдетпей жүрүшөт. (MdN/NT)

XS
SM
MD
LG