Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Март, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 13:48

Азия кубогу: Кыргызстан Филиппин менен беттешет


Азия кубогундагы кыргыз футболчуларынын күйөрмандары

Бириккен Араб Эмирликтеринде өтүп жаткан футбол боюнча Азия биринчилигинде 16-январда Кыргызстандын футболчулары Филиппин командасы менен ойнойт.

"Ак шумкарлар" буга чейин эки оюн катары менен утулганына карабай, дагы деле тайпадан чыгуу мүмкүнчүлүгүн жогото элек. Ал үчүн ушул беттеште утушу зарыл.

Кыргызстан ойноп жаткан тайпада Кытай менен Түштүк Корея кийинки финалдык бөлүккө жолдомо алышкан.

Кыргызстан Азия кубогуна биринчи жолу катышып жатат. Тайпадагы алгачкы оюнунда Кытай курамасына 2:1, экинчи оюнунда Түштүк Кореяга 1:0 эсебинде жеңилген. (SDz)

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG