Кениянын борбору Найробиде 15-январдагы террордук чабуулдан кеминде 15 киши курман болду. Террорчулар баш калаадагы мейманкана менен кеңселерге кол салышканын эл аралык маалымат булактары жазып чыгышты. Баштапкы кабарларга ылайык, көз жумгандардын 11и кениялык, бирөө британиялык, бирөө америкалык.
Чабуулдан 11 саат өткөндөн кийин да Найробиде атышуу уланганы айтылууда. Адамдар бир жолу жарылуу болгонун угушкан.
Ички иштер министри Фред Матианги аймактан кишилер эвакуацияланып, террорчуларды жок кылуу иштери уланып жатканын билдирди.
Кол салуу үчүн жоопкерчиликти "Аль-Каида" тобуна байланышы бар "Аш-Шаббаб" уюму мойнуна алды. Бул уюмдун турумдары негизинен Сомалинин аймагында жайгашкан.
"Аш-Шаббаб" буга чейин да Кенияда кол салууларды уюштурган. 2013-жылдын сентябрында Найробидеги соода борборунагы чабуулдан 67 киши өлгөн эле. 2015-жылы Гарисс университетинде 150 киши мерт болгон.