Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:32

Тажикстан: молдолор эркектин бел күчүн ашырган дарыларга уруксат берди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Тажикстандын Ислам борборунун аалымдар кеңеши эркек кишинин бел күчүн ашыра турган дары-дармектерди пайдаланууга уруксат берген фатва (чечим) чыгарды. Бул туралуу 15-январда "Азаттыктын" тажик кызматы кабарлады.

Ислам борборунун фатва башкармалыгынын адиси Абдулвохид Хомидовдун айтымында, мусулмандар аалымдар кеңешине ушул маселе боюнча мурда кайрылып, "Шариятка дал келеби же жокпу?" деп суроо салышкан.

"Адистерибиз диний адабиятты окуп, эгер эркек киши жыныстык жактан алсырап баратса, күч-кубат берген дарыларды иче берсе болот деген тыянакка келишти", - деди Хомидов.

XS
SM
MD
LG