Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:36

Ошто жүз кожолук жылуулуксуз калды


Ош.
Ош.

Ош шаарынын Курманжан Датка кичи районундагы Абакир уулу Төрөбай 31 “Б” жана 40 “Г” дарегиндеги 12 кабаттуу эки үйдө жашаган жүздөй кожолукка жылуулук бериле элек. Бул тууралуу "Азаттыкка" аталган даректе жашаган тургундар билдиришти.

Алардын айтымында, үйдү “ЖБК строй” курулуш компаниясы салып, 2016-жылы толук бүткөрүүгө убада берген. Курулушу кечеңдеп кеткен үйгө батирлерди сатып алгандар кирип жашай башташкан. Бирок азыр ал үйлөргө жылуулук да, газ да бериле элек. 12 кабаттуу үйдө лифт жок. Үйдүн тышы да шыбала элек.

Борбордук жылуулукка туташпаган үйдөгү батир ээлери учурда жалаң электр тогун пайдаланып жүрүшөт. Ош шаарынын түштүк-чыгыш районундагы эс алуучу бактын ордуна курулган бул үйлөр Оштогу Жалил Атамбаев аттуу ишкерге таандык экенин айтышууда.

Бирок сатылганына эки жыл болуп калган үйлөр эмне үчүн эмгиче бүтпөй жатканы тууралуу Жалил Атамбаевден жооп алууга мүмкүн болгон жок. (YI)

XS
SM
MD
LG