Кылмыш иши козголуп, иши тергөөдө каралып жаткан Сопубек Сариевдин Сузак райондук билим берүү бөлүмүнө жетекчи болуп дайындалышынан чыккан нааразылыкка билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева түшүндүрмө берди.
"Азаттыктын" кабарчысына министрликтен жөнөтүлгөн жазуу түрүндөгү комментарийде министрдин жообу төмөнкүчө:
"Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысын дайындоодо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдар менен макулдашуу керек. Сынактан өткөн үч талапкердин тизмеси Сузак районунун акимине сунушталган, тизмеден Сопубек Сариевдин талапкерлиги колдоого ээ болду. Кылмыш иши тууралуу сөз кылсак, ал боюнча эч кандай чечим жок. Айыптоонун өзү кызматтык абалын кыянат пайдалануу менен байланыштуу, бирок ал жооптуу мамлекеттик кызматтарды ээлеген эмес жана мамлекеттик кызматкер да болгон эмес".
Сариевдин жетекчи болушуна аймактагы мугалимдер нааразылык билдирип, анын жогорку бийликтегилердин жардамы менен кызматка келгенин белгилешкен.
Сопубек Сариев жетектеген «Ак-Мээнет» жоопкерчилиги чектелген курулуш компаниясына карата былтыр Кылмыш-жаза кодексинин «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «Мүлктү ыйгарып алуу» беренелери менен кылмыш иши козголгон.
Сариев өзү жумушка сынак аркылуу мыйзамдуу келгенин, тергөө иштери анын туугандары иштеткен компанияга карата жүрүп жатканын билдирген.
Билим берүү жана илим министрлиги Сопубек Сариевди Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башчылыгына өткөн жылдын 24-декабрында дайындаган. Райондо жалпысынан 109 мектеп бар. (RsK)