Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:27

Британияда премьерге ишеним көргөзбөө маселеси добушка коюлат


Премьер-министр Тереза Мэй парламенттеги талкууда. 15-январь, 2019-жыл.
Премьер-министр Тереза Мэй парламенттеги талкууда. 15-январь, 2019-жыл.

Премьер-министр Тереза Мэйдин өкмөтүнө ишеним көргөзбөө маселеси добушка коюлушуна биринчи кезекте оппозициядагы Лейбористтик партиянын лидерлери умтулууда.

Бирок бул сунуш ишке ашышы үчүн бийликтеги Консервативдик партиянын депутаттар тобунун да премьерге каршы добуш бериши талап кылынат.

Бул маселе күн тартибине кечээ кечинде британ парламентинин төмөнкү палатасы Британиянын Евробиримдиктин чыгуу шарттары же Брекзит боюнча Брюссел менен макулдашкан келишимди четке каккандан кийин чыгууда.

Добуш берүүдө премьер Мэйдин келишимин 202 гана депутат колдосо, 432си каршы чыкты.Бул британ өкмөтүнүн парламентте акыркы жүз жылга жакын убакыт ичиндеги эң ири жеңилиши.

Британия Евробиримдиктен быйыл 29-мартта чыгышы керек. Келишимдин четке кагылышы иш жүзүндө Британия Евробиримдиктен Брекзит жараяны токтотулбаса эле макулдашуусу жок чыгат дегенди билдирет.

"Макулдашуусуз чыгуу экономикалык башаламандык менен коштолот" деп эскерткендер бар. Премьер Мэй парламентке кийинки кадамдар менен келүүгө убада берди, бирок кандай планы бар экенин азырынча ачык айта элек.

Брюссел Лондонго келишим шарттары кайра сүйлөшүлбөй турганын буга чейин эле эскерткен. (UE)

XS
SM
MD
LG