Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:43

АКШ Иранды "жандооч учурууда БУУнун резолюциясын бузду" деп айыптады


Ирандын жандоочу ракета менен учурулган кез. 15-январь, 2019-жыл.
Ирандын жандоочу ракета менен учурулган кез. 15-январь, 2019-жыл.

Иран орбитага акыркы жандоочун чыгарууда континент аралык баллистикалык ракеталарга тиешелүү технологияны колдонгон. Тегерандын мындай кадамы БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциясын бузуу болуп эсептелет. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео билдирди.

Ал Иран эл аралык нормаларды “одоно бузуп жатканы” менен АКШ келише албай турганын белгиледи.

Помпеонун билдирүүсүндө АКШ Иран жараткан коркунучтарга, анын ичинде бул өлкөнүн ракеталык программасына каршы өнөктөштөрү менен иштешип жатканы да айтылат.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Ирандын жандооч учуруу боюнча соңку аракетин “иш жүзүндө континент аралык ракетанын биринчи баскычы” деп баалады.

Иран “экологиялык мониторинг жүргүзүү максатын көздөйт" деген жандоочун 15-январда учурган. Бирок ал орбитага чыга алган жок.

Тегеран мунун себебин жандоочу ракета талап кылынган ылдамдыкка жете албаганы менен түшүндүрдү. Иран анын жандооч учуруу аракеттери БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциясына каршы келбейт деп эсептейт. (UE)

XS
SM
MD
LG