Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:23

Киевде Крым аннексиялангандан кийинки бешинчи жыл талкууланууда


Крымда референдум өткөн учур. 16-март, 2019-жыл.
Крымда референдум өткөн учур. 16-март, 2019-жыл.

Украин борборунда бүгүн башталган конференция “Крым оккупациясынын бешинчи жылдыгы: божомолдор, реалдуулук жана чакырыктар” деп аталат. Бул тууралуу “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун "Крым.Реалии" интернет-сайты кабарлады.

“Крым абдан тез эле ээленгенине карабай, анын Орусиянын курамындагы келечеги боюнча айрым божомолдор болгон. Биздин конференциянын максаты - ошол божомолдор менен бүгүнкү реалдуулуктун канчалык шайкеш экенин аныктоо аракети”, - деди Украинанын Жаштар жана спорт министринин кеңешчиси Гаяна Юкел конференциянын ачылышындагы сөзүндө.

Крым жарым аралын Орусия өз курамына 2014-жылдын 16- мартындагы референдумдан кийин кошуп алган. Москва өз кадамын “элдин эркине ылайык тарыхый адилеттүүлүктүн калыбына келиши” деп мүнөздөгөн. Украина жана эл аралык уюмдар Орусиянын аракетин оккупация жана аннексия катары баалашкан.

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында Крым жарым аралын Орусия “убактылуу ээлеп алган аймак" катары тааныган резолюция кабыл алынган. Крымдын аннексияланышынан улам Батыш өлкөлөрү Орусияга каршы экономикалык санкцияларды киргизген.

Украинанын Жогорку Радасы Орусиянын Крым менен Севастополдогу «убактылуу оккупациясы» башталган күн деп 2014-жылдын 20-февралын расмий атаган. (UE)

XS
SM
MD
LG