Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:08

Казакстан: Денис Тендин өлүмү үчүн айыпталгандарды 20 жылга кесүү суралды


Денис Тенди акыркы сапарга узатуу учуру. 21-июль, 2018-жыл.
Денис Тенди акыркы сапарга узатуу учуру. 21-июль, 2018-жыл.

Казакстанда көркөм муз тебүүчү Денис Тендин өлүмүнө байланыштуу сот уланууда. Бүгүн прокурорлор каракчылык жана киши өлтүрүү үчүн айыпталган эки жигитти 20 жылдан түрмөгө кесүүнү өтүнүштү. Ал эми кылмышты жашырганы сөз болгон аялды алар төрт жылга эркинен ажыратууну сунуш кылышты.

Бирок маркумдун апасы Оксана Тен ишти кайра тергөөгө жиберүүнү талап кылды. Ал айыпталуучулардын аракетинде буюртма киши өлтүрүүнүн белгилери бар, бул алардын кылмыштан кийинки жүрүш-турушунан, көрсөтмөлөрүнөн билинип жатат деп шектенүүдө.

Сочи Олимпиадасынын коло медаль ээси Денис Тен былтыр 19-июлда ооруканада каза болгон. Ал ошол эле күнү күндүз Алматыда, өз автоунаасынын жанынан бычакталган болчу.

Тергөөчүлөр 25 жаштагы спортчу автотетик уурдагандардын курмандыгы болгон деп эсептешет. (MTO/UE)

XS
SM
MD
LG