Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:52

АКШ өкүлү: Орусия өзөктүк күчтөр боюнча келишимди дагы эле бузуп жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орто аралыктагы өзөктүк күчтөр келишими боюнча Вашингттон менен Москванын сүйлөшүүлөрүнүн кезектеги айлампасы эч кандай жыйынтыксыз аяктагандан кийин АКШнын өкүлү ушундай билдирүү жасады. Эки өлкөнүн дипломаттары Женевада жолукту.

“Биздин айтаарыбыз ачык: Орусия келишимге шайкеш келбеген ракеталык системаларын жок кылышы керек”, - деди АКШнын мамлекеттик катчысынын куралды көзөмөлдөө жана эл аралык коопсуздук боюнча орун басары Андреа Томсон.

Өткөн айда АКШ эгер Орусия "кансыз согуш" доорунда кабыл алынган келишим боюнча милденттенмелерин алтымыш күн ичинде аткарбаса андан чыга турганын расмий билдирген.

Кремль болсо АКШнын дооматтарын “фактыларды бурмалоо, келишимден чыгуунун чыныгы максаттарын жаап-жашыруу” катары мүнөздөгөн.

Орто аралыктагы өзөктүк күчтөр боюнча макулдашууга мындан 31 жыл мурда, 1987-жылы ал кездеги СССРдин лидери Михаил Горбачев менен АКШнын ошол кездеги президенти Рональд Рейган кол койгон. Келишим 500дөн 5500 чакырымга чейин уча ала турган жана жерде жайгаштырылуучу канаттуу ракеталарды жасоого тыюу салган.

АКШнын президенти Дональд Трамп расмий Вашингтон ракеталык келишимден чыга тургандыгын алгач былтыр 20-октябрда жарыялаганда мунун негизги себеби катары Орусия анын шарттарын такай бузуп келгенин айткан.

Кийин Трамп АКШ “кансыз согуш” доорундагы келишимге байланып турганда Кытай өзөктүк кубатын чыңдап жатканын да жүйө келтирди. (UE)

XS
SM
MD
LG