Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:26

Кыргызстан-Филиппин: эсеп 3:1 болду


Кыргызстандын футболчулары гол киргизгенден кийин. 16-январь, 2018-жыл. Бириккен Араб Эмиратттары.
Кыргызстандын футболчулары гол киргизгенден кийин. 16-январь, 2018-жыл. Бириккен Араб Эмиратттары.

Азия кубогундагы “С” тайпасынын жыйынтыктоочу айлампасынын алкагында өтүп жаткан Кыргызстан-Филиппин оюнунда “ак шумкарлар” үчүнчү голун, ал эми филиппиндиктер бир голун киргизди.

Бүгүнкү оюндагы кыргыз командасы киргизген үч голдун автору тең Виталий Люкс болду. Ал эми Филиппин командасына алгачкы голду команданын капитаны Штефан Шрёк алып келди.

Натыйжада Кыргызстан ушул мүнөттө “С” тайпасында ишеничтүү түрдө үчүнчү орунда келатат. Ал эми кирген гол менен киргизген голдордун айырмачылыгы нөлгө теңелди. Буга чейин Кыргызстан бул көрсөткүчтө -2 менен келе жаткан.

Кыргызстан эсепти оюндун аягына чейин кармаса, тайпадан үчүнчү орун менен чыгууга мүмкүнчүлүгү жогорулайт. (SDz)

XS
SM
MD
LG