Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:06

Иран Сириядан кетпей турганын эскертүүдө


Ирандын аскерлери Тегеранддагы парадда. 18-апрель, 2018-жыл.
Ирандын аскерлери Тегеранддагы парадда. 18-апрель, 2018-жыл.

Иран Сирияда аскерий турумун сактай турганын Израил эгер ирандык күчтөр бул өлкөдөн кетпесе, алардын соккусуна кабыларын айтып коркуткан учурда билдирүүдө.

Жергиликтүү медиа 16-январда өлкөнүн элиталык аскерий түзүмү-Ислам ыңкылабынын сакчылар корпусунун генарал-майору Мухаммад Али Жафаринин “Иран ислам республикасы Сирияда кеңешчилерин (аскерий), ыңкылапчыл күчтөрүн, аскерий техникасын кармайт”, - деген сөздөрүн таратты.

Мунун алдында Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху анын өлкөсү “Сирияда Иранга каршы чара көрүүгө мурдагыдан да чечкиндүү болуп турганын” айткан.

Нетаньяху 13-январда өкмөт жыйынында сүйлөгөн учурунда Израил Сирияда Иран менен “Хезболла” тобунун буталарына “жүздөгөн” сокку уруу менен Тегерандын бул жердеги аскерий кубатын “ооздуктай алганын” да белгилеген.

Жафари Нетаньяхунун сөздөрүн “тамаша” деп атап, Израилдин өкмөтү “арстандын куйругу менен ойноп жатканын” эскертти.

Сириянын 2011-жылдын март айынан тарта тутанган жарандык согушунда президент Башар Асаддын өкмөтүнө Иран менен катар Орусия жана шийиттердин Ливандагы “Хезболла” согушчан тобу да аскерий колдоо көргөзүп келет. Сириядагы согушта 400 миңден ашуун адамдын өмүрү кыйылды. (UE)

XS
SM
MD
LG