Бириккен Араб Эмирлигиндеги Азия кубогунун Кыргызстан үчүн тайпалык оюндары аяктады. Акыркы матчта Кыргызстан Филиппиндин футболчуларын 3:1 эсебинде жеңди.
Үч голду тең атаандаштардын дарбазасына чабуулчу Виталий Люкс киргизди. Натыйжада Кыргызстан Азия чемпионатында алгачкы үч упайга ээ болду.
Жалпы оюндун жүрүшүндө кыргызстандыктар атаандашынын дарбазасына 21 жолу сокку узатып, анын тогузу таамай барса, үчөө голго айланды. Ал эми Филиппин 10 жолу дарбазага топ тепсе, анын үчөө дарбазага туура багытталып, бир тобу голго айланды.
Кыргызстандын үч оюнчусу сары айып кагазын алса, Филиппин төрт оюнчусуна калыс эрежени бузганы үчүн сары кагаз берди.
Кыргызстандын тайпадан чыгар-чыкпасы бүгүн, 16-январда Вьетнам-Йемен оюнунан соң билинет. Азырынча үч упай менен Кыргызстан тайпадан үчүнчү орун менен чыгууга өтө жакындады.
Азия кубогунун быйылкы эрежелерине ылайык, тайпадан үчүнчү орунду алган 4 командага 1/8 бөлүккө чыгууга мүмкүнчүлүк бар. Бул жолдомо үчүнчү орунду жакшы көрсөткүч менен аяктаган командаларга берилет. (SDz)