Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:17

Британияда премьер-министрге ишеним көргөзбөө маселеси талкууланууда


Тереза Мэй парламенттеги талкууда. 16-январь, 2019-жыл.
Тереза Мэй парламенттеги талкууда. 16-январь, 2019-жыл.

Премьер-министр Тереза Мэйдин өкмөтүнө ишеним көргөзбөө маселеси добушка коюлушу үчүн эң биринчи кезекте оппозициядагы Лейбористтик партиянын лидерлери умтулуп жатат.

- Кечээги олуттуу жеңилиш премьер-министрдин бизнести, профсоюздарды жана бул парламенттин мүчөлөрүн көзгө илбей, аларды жээригенинен улам болду. Ал эки жыл убакытты бекерге коротту, - деди лейбористтердин лидери Жереми Корбин бүгүн, 16-январда талкуу башталганда.

Кечээ кечинде парламенттин төмөнкү палатасында Британиянын Евробиримдиктин чыгуу шарттары же Брекзит боюнча Брюссель менен өкмөт макулдашкан келишим добушка коюлганда, аны 202 гана депутат колдосо, 432си каршы болгон.

Бул-британ өкмөтүнүн парламентте акыркы жүз жылга жакын убакыт ичиндеги эң ири жеңилиши.

Британия Евробиримдиктен быйыл 29-мартта чыгуусу керек.

Келишимдин четке кагылуусу, иш жүзүндө Британия Евробиримдиктен Брекзит жараяны токтотулбаса эле макулдашуусу жок чыгат дегенди билдирет.

- Британ парламенти Брекзит келишимин четке какканы абдан өкүнүчтүү. Биз, албетте, тартип менен чыгуунун жолун табууга аракеттенебиз. Бирок кырдаал мындай болбой калуусуна да даярбыз,- деди немис канцлери Ангела Меркел 16-январда Берлинден.

Британиянын Евробиримдиктен макулдашуусуз чыгуусу экономикалык башаламандык менен коштолот деген эскертүүлөр айтылууда.

Премьер Мэй парламентке кийинки кадамдар менен келүүнү убада кылды, бирок кандай планы бардыгын азырынча ачыктай элек.

Брюссель өз тарабынан Лондонго келишим шарттары кайра сүйлөшүлбөй турганын буга чейин эле эскерткен. (UE)

XS
SM
MD
LG