Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:57

Британия: Тереза Мэй премьерлик кызматын сактап калды


Тереза Мэй (ортодо).
Тереза Мэй (ортодо).

Британ премьер-министри Тереза Мэй парламенттеги өзүнө жана азыркы өкмөткө ишеним көрсөтпөө боюнча добуш берүүдө аз айырма менен утуп чыкты.

Өкүлдөр палатасындагы депутаттардын 325и Мэйге ишеним көрсөтүштү. Ал эми 306сы премьер-министрдин кызматтан кетишин колдошту. Натыйжада премьер Мэй болгону 19 добуштук айырма менен өз кызматында калды.

Ага ишеним көрсөтпөө боюнча парламенттеги оппозициялык Лейбористтер партиясынын лидери Жереми Корбин бир күн мурда демилге көтөргөн.

Буга Мэй Евробиримдик менен макулдашып келген, Британиянын уюмдан кандай шартта чыгарын аныктаган Брекзит келишиминин парламентте чечкиндүү түрдө четке кагылышы себеп болгон.

Кызматын сактап калган Тереза Мэй парламент өкмөткө ишеним көрсөткөнүн белгилеп, дүйшөмбү күнү Брекзит маселеси боюнча жаңы сунуш менен депутаттардын алдына кайтып келерин айтты.

XS
SM
MD
LG