Казакстандык көркөм муз тебүүчү Денис Тендин апасы анын өлүмүнө байланыштуу козголгон кылмыш ишин кайрадан тергөөнү талап кылып жатат. 16-январда Алматынын район аралык сотунда Тендин өлүмү боюнча жараянда тараптардын жарыш сөзү башталды. Прокурор бул иш боюнча айыпталган үч кишини 20 жылдан түрмөгө кесүүнү сурады.
Маркумдун апасы Оксана Тен видео көзөмөл камераларындагы жазууларга жана соттолуучулардын көрсөтмөсүнө ылайык, шектүүлөр автоунаанын ээси ким экенин алдын-ала билгенин айтып, күнөөлүүлөрдү “Жалданма киши өлтүрүү” беренеси менен соттош керек экенин белгиледи.
Прокуратура өкүлү жабырлануучунун өтүнүчүн колдогон жок.
Сочи Олимпиадасынын коло медаль ээси Денис Тен былтыр 19-июлда ооруканада каза болгон. Ал ошол эле күнү күндүз Алматыда, өз автоунаасынын жанынан бычакталган.
Тергөөчүлөр 25 жаштагы спортчу автотетик уурдагандардын курмандыгы болгон деп эсептешет.