Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:50

Жанарбек Акаев: Футбол федерациясына өкмөттөн колдоо керек


Кыргызстандык күйөрмандар.
Кыргызстандык күйөрмандар.

Кыргыз футболчуларынын Азия кубогундагы кезектеги жеңиши - футболчулардын өздөрүнүн гана эмгегинин натыйжасы. Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев ушундай пикирин билдирди. Анын айтымында, жыл өткөн сайын оюнга кызыккан жаш балдар көбөйүп жатат.

- Бишкектеги футбол борборунда "орун жок" деп шыктуу балдарды албай жатышыптыр, - деди Жанарбек Акаев. - Ошондуктан алар заманбап футбол борборун куруш үчүн Бишкек шаарынан он гектар жер сурап жатышат. "Өкмөт ошону карап жер берсе, футбол борборун куруп берем" деген инвесторлор да даяр деп жатышат. Былтыр Кыргызстандын курама командасы Азия кубогуна чыкканына кубансак, кечээ "ак шумкарларыбыз" тарыхты жаңылап, Азия континентиндеги 16 мыкты команданын катарына кирди. Мындан аркы жеңиштери үчүн да өкмөттөн, мамлекеттен колдоо керек, - деди Жанар Акаев.

Бириккен Араб Эмираттарындагы Азия кубогунун Кыргызстан үчүн тайпалык оюндары аяктады. Акыркы матчта Кыргызстан Филиппиндин футболчуларын 3:1 эсебинде жеңип чыкты. Вьетнам-Йемен оюну 2:0 эсебинде аяктаган соң Кыргызстан финалдын 1/8 бөлүгүндө ойноого укук алды. (ZKo)

XS
SM
MD
LG