Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:34

Автоунаа ээлерин полис алууга милдеттендирген мыйзамды жылдыруу сунушталды


Бишкек.
Бишкек.

"Милдеттүү камсыздандыруу боюнча автоунаа ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилиги жөнүндө" мыйзамды эки жылга, тагыраак айтканда, 2021-жылга чейин жылдырууну Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров 17-январдагы отурумда сунуш кылды. Анын айтымында, парламент 2016-жылы эле бул мыйзамды ишке ашырыш үчүн тиешелүү шарт-жоболорду иштеп чыгууну өкмөткө тапшырган. "Бирок бүгүнкү күнгө чейин эч кандай жобо түзүлгөн эмес", деди депутат.

Зулпукаровдун сөзүн спикер Дастан Жумабеков да кубаттады. Төрага аталган мыйзамдын айланасында түшүнбөстүк келип чыгышы ыктымал экенин айтып, өкмөткө алдын-ала даярданууну сунуш кылды.

"Милдеттүү камсыздандыруу боюнча автоунаа ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилиги жөнүндө" мыйзам 2019-жылдын 7-февралында күчүнө кирет. Ага ылайык, бардык айдоочулар камсыздандыруу полисин алууга милдеттендирилет. Каржылык көзөмөл боюнча мамлекеттик кызмат камсыздандыруу полиси жок айдоочуларга акчалай айып салуу боюнча талапты алты айга чейин жылдырууну сунуш кылган.

Автоунааларды камсыздандыруунун Каржылык көзөмөл кызматы сунуш кылган эң төмөнкү өлчөмү - 1680 сом. (ZKo)

XS
SM
MD
LG