Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, мамлекет башчы 17-январда сыйлык тапшыруу аземинде кыргыз футболчуларына "Азия кубогундагы" жеңиши үчүн ыраазычылыгын билдирди. Президент Сооронбай Жээнбеков мекенге ак кызмат кылууга мисал келтирип жатып, футболчуларга токтолгон:
- Кечээ биз, кыргызстандыктар, биздин футболчуларыбыздын абдан сонун оюнуна жана жеңишине күбө болдук. Биздин курама команда Азия кубогунда алгачкы жолу ойноп жатып эле, ушундай сонун ийгиликке жетти. Алар Филиппиндин оюнчуларын 3:1 эсебинде жеңип, биздин элге чыныгы майрам тартуулашты. Бул тарыхый окуя, ийгилик! Биздин балдар кийинки оюндарда да жакшы оюн көрсөтө алышат деп ишенем, - деди Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков жалпы Кыргызстан элинин атынан футболчуларга жана алардын машыктыруучусуна ыраазычылык билдирди.
Бир нече күн мурда мамлекет башчы Азия кубогуна катышып жаткан кыргызстандык футбол командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин менен телефон аркылуу сүйлөшүп, аларга ийгилик каалаган. (ZKo)