Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:35

Аялдамага калтырылган наристе апасына кайтарылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бир ай мурун Чүй районунун Бурана айылында аялдамага кароосуз калтырылган наристе апасына кайтарылып берилди. Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы "Азаттыкка" маалымдагандай, убактылуу балдар үйүнө жайгаштырылган бала апасынын колуна тапшырылып, аны менен чогуу жашай турган болду.

16-январда Ысык-Ата райондук администрациясынын кызматкерлери баланы энеси менен чогуу үйүнө жеткирип барышкан. Баланын апасы аталган райондун аймагында жашагандыктан, мындан ары бул үй-бүлөгө жана балдардын жашоосуна Ысык-Ата районундагы социалдык кызматкерлер көзөмөл кылып турушат.

Маалыматка ылайык, баланын дагы эки бир тууганы бар. Апасы алардын бирөөнө да тиешелүү документтерин алган эмес. Жергиликтүү социалдык коргоо кызматынын көмөгү менен балдардын баарына документ алынган.

10-декабрь күнү Чүй районунун Бурана айылындагы аялдамага бир жарым жашар баланы баштыкка салынган кийимдери менен кошо белгисиз бирөөлөр калтырып кетишкен. Милиция баланы аймактагы ооруканага жайгаштырган. Он күнгө чейин баладан эч ким кабар алган эмес. Кийинчерээк баланын ата-энеси ажырашып, ал атасынын колунда калганы, атасы баласын чоң энесине алып келип бергени айтылган. Чоң энеси баланы аялдамага калтырып кеткен. (ZKo)

XS
SM
MD
LG