Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:49

Путин Сербияга баратат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын президенти Владимир Путин 17-январда Белградга баратат. 2013-жылдан бери Путин Сербиянын президенти Александр Вучич менен 14-ирет жолугушмакчы.

Эки славян өлкөсүн тыгыз маданий, экономикалык алакалар байланыштырып турат. Путин Сербияда эң популярдуу чет элдик лидер болуп эсептелет. Ошол эле учурда бул Балкан мамлекети Европа Биримдигине кошулууга умтулгандыктан, өзүнүн Москва жана Батыш менен мамилелерин тең салмактоого аргасыз.

Сербия Орусияга каршы экономикалык санкцияларды колдобой койгон. Өз кезегинде Орусия Сербиянын мурдагы чөлкөмү Косовонун эгемендигин таануудан баш тартып келатат. Москва ошондой эле Белград менен аскердик чөйрөдө кызматташып, маал-маалы менен биргелешкен машыгууларды өткөрүп келет. Антсе да талдоочулардын пикиринде сербдердин көбү Еврошаркет Орусияга караганда жакшыраак келечек тартуулайт деп эсептешет.

Иш сапарынын алдында Путин АКШ менен Батышты “аймакта үстөмдүгүн орнотууну көздөйт”, бул “туруктуулукту буза турган жагдай” деп сындаган.

XS
SM
MD
LG