Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:42

Баткенде кытай компаниясы коргошун менен цинк кенин иштете баштады


Шамбесай кенин ачууга каршы чыккандардын митинги. 2-февраль, 2018-жыл. Архивдик сүрөт.
Шамбесай кенин ачууга каршы чыккандардын митинги. 2-февраль, 2018-жыл. Архивдик сүрөт.

Баткен облусундагы Кан кениндеги коргошун менен цинкти казып алууга Кытайдын «Куньшэн Горнопром» компаниясы уруксат алган. Аталган компания 2018-жылы жүргүзүлгөн аукциондо утуп чыккан. Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттик "Фейсбуктагы" баракчасына ушундай мааллымат жайгаштырды. Анда айтылгандай, кен иштетүүнүн биринчи этабына компания жалпысынан 13,55 млн. доллар жумшамакчы. Бул кенди иликтөө иштери үчүн сарпталуучу каражат.

Ушул тапта кендеги иликтөө иштерин жүргүзүш үчүн Кытайдан 20 адис келген. Агенттик аларга жергиликтүү элдин өкүлдөрү көмөктөшүп жатышканын белгилейт.

Маалыматта айтылгандай, кытайлык компаниянын ишмердүүлүгүн жергиликтүү эл кубаттап жатат. Ошондой эле кытай компаниясы кен жайгашкан аймактагы мектепке 12 компьютер берип, айылдыктар үчүн кытай тилин үйрөтүүчү үч айлык окуу курстарын ачкан.

Баткендеги Шамбесай алтын кенин кытай компаниясы иштетишине жергиликтүү эл каршы чыгып, октябрь айында милиция каршы чыккан айрым адамдарды камакка алган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG