Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:45

Бишкекте митингге чыккандарды милиция кармап кете баштады


Митинг учуру.
Митинг учуру.

Бишкектеги Ала-Тоо аянтында Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн кытайлык жарандарды өлкөдөн кетирүүнү талап кылып митингге чыккандарды милиция кармап кете баштады. Ондогон күч кызматкерлери менен акция катышуучуларынын ортосуна тиреш чыкты. Митинг түшкө жакын башталган. Күбөлөр 500гө жакын эл чогулганын, уюштуруучулар эки миңдей киши келгенин айтууда.

Мурдараак митингчилердин талаптары жазылган кагазды депутаттарга тапшырмак болгондорду милиция Жогорку Кеңешке киргизбей койгон. Митингчилер өздөрүнүн милиция тарабынан кармалган активисттерин бошотууну, кытай мигранттарына эмгек квотасын азайтууну, паспортко "улуту" деген графаны кайтарууну, өз оюн ачык айткан активисттерди куугунтуктоону токтотууну, кыргыз кыздарына чет элдик жарандарга турмушка чыгууга тыюу салууну жана парламент депутаттарынын санын азайтууну талап кылып жатышат. Бул талаптардын айрымдары 7-январдагы митингде да айтылган.

17-январдагы митингде Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директору Алмаз Имангазиев чогулгандардын алдына чыгып сүйлөп, Интернетте тарап жаткан кабарлар туура эмес экенин айтып, Кыргызстанга кирген кытай жарандары мыйзамдуу тартипте киргенин билдирди. Митингчилер "кытайлар иштеп жаткан ишканаларга барып көрөлү" деген өтүнүчүн айтышты.

Жапырт кармоо баштала электе Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов митингдин айрым кармалган катышуучулары сурак беришип, кайра кое берилгенин "Азаттыкка" билдирген. Анын айтуусунда кармалгандар 7-январда козголгон кылмыш иши боюнча көрсөтмө беришкен. Мекеменин басма сөз катчысы ал кылмыш иши кандай факт боюнча, кайсы берене менен козголгонун ачык айта элек.

Кытайда кыргыз, уйгур, казак жана башка улуттагыларга каршы басым күчөгөнү тууралуу маалыматтар чыккандан кийин социалдык тармактарда, мессенжерлерде Кыргызстандагы кытай жарандарына каршы билдирүүлөр байма-бай тарап жатат.

XS
SM
MD
LG