Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:04

Бишкекте митингге чыккандар тарады


Митингди таратууга келген милиционерлер.
Митингди таратууга келген милиционерлер.

Бишкекте Ала-Тоо аянтында уюштурулган митингди милиция кызматкерлери таратты. Тартип сакчылары бир канча жаранды кармап кетти. Шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Сталбек Рахманов митинг уюштуруудагы эрежелерди бузуп, жол кыймылына жолтоо болгондор, кастыкты козуткан чакырык таштагандар суракка алынарын айтты. Кармалгандардын саны так эмес. Милиция кызматкерлери аянтка көзөмөл кылууну улантып жатышат. "Тазалык" ишканасынын жумушчулары аянтты тазалай башташты.

17-январдагы митингди жарандык активисттер Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн кытайлык жарандарды өлкөдөн кетирүү талабы менен өткөрүштү. Түшкө жакын башталган митингге күбөлөр 500дөй адам чогулганын, уюштуруучулар болсо эки миңдей киши келгенин айтууда.

Ала-Тоо аянты, митингден кийинки көрүнүш.
Ала-Тоо аянты, митингден кийинки көрүнүш.

Мурдараак митингчилердин талаптары жазылган кагазды депутаттарга тапшырмак болгондорду милиция Жогорку Кеңешке киргизбей койгон.

Митингчилер милиция кармаган активисттерди бошотууну, кытай мигранттары үчүн эмгек квотасын азайтууну, паспортко "улуту" деген графаны кайтарууну, өз оюн ачык айткандарды куугунтуктоону токтотууну, кыргыз кыздарына чет элдик жарандарга турмушка чыгууга тыюу салууну жана парламент депутаттарынын санын азайтууну талап кылышты.

Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директору Алмаз Имангазиев чогулгандардын алдына чыгып сүйлөп, Интернетте тарап жаткан кабарлар туура эмес экенин, Кыргызстанга кытай жарандары мыйзамдуу тартипте киргенин, жол куруу жана башка тармактарда макулдашуу менен иштеп жатканын билдирди.

Жапырт кармоо баштала электе Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов митингдин айрым кармалган катышуучулары сурак берип, кайра кое берилгенин "Азаттыкка" айткан. Анын айтымында кармалгандар 7-январда ушул эле талап менен уюштурулган митингден кийин козголгон кылмыш иши боюнча көрсөтмө беришкен.

Кытайда кыргыз, уйгур, казак жана башка улуттагыларга каршы басым күчөгөнү тууралуу маалыматтар чыккандан кийин социалдык тармактарда, мессенжерлерде Кыргызстандагы кытай жарандарына каршы билдирүүлөр байма-бай тарап жатат. (SE\KE)

XS
SM
MD
LG