Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:59

Ананьево айылында көрүстөндөгү эстеликтерди жаңылоо уланууда


Ысык-Көл районунун Ананьево айылындагы православ көрүстөнүндө талкаланган эстеликтерди калыбына келтирүү уланууда.

17-январда Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын адистеринин, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана улут аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин, милиция кызматкерлеринин, жергиликтүү бийликтин жана дин өкүлдөрүнүн катышуусунда кыштакта эл менен жолугушуу болду.

Тургундарга диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат, дин тутуу эркиндиги, адам укуктары, коомдогу туруктуулукту, конфессия аралык ынтымакты, улут аралык мамилени бекемдөө жана бейбаштыктын себептери, чечүү жолдору боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

11-январдын кечинде белгисиз адамдар Ананьево айылындагы православ көрүстөнүнө келип, маркумдарга коюлган 91 эстеликти талкалап кетишкен. Көрүстөндүн жалпы аянты бир жарым гектар.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев окуяны өзгөчө адепсиз көрүнүш катары баалап, күнөөкөрлөрдү тез арада табууну Ички иштер министрлигине тапшырган.

Окуянын чоо-жайын Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүндө түзүлгөн ыкчам топ иликтеп жатат.

XS
SM
MD
LG