Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:57

HRW: Борбор Азия адам укуктарын коргошу керек


HRW уюмунун эн белгиси.
HRW уюмунун эн белгиси.

"Хьюман Райтс Уотч" (HRW) эл аралык укук коргоо уюму аймактык кызматташууга жана инвестицияларды тартууга умтулган Борбор Азия лидерлерин адам укуктарын күн тартибинин чордонуна чыгарууга үндөдү.

Нью-Йоркто жайгашкан уюм 17-январда дүйнөдөгү адам укуктарынын абалына арналган жылдык докладын чыгарды.

“Борбор Азияда жашаган 105 миллион кишинин турмушун оңдош үчүн адам укуктары маселеси экономикалык өсүш, аймактык кызматташтык менен кошо каралууга тийиш", деди уюмдун Европа жана Борбор Азия боюнча директору Хью Уильямсон. "Жетекчилер сындагандардын сөзүнө кулак салып, саясий себептен улам камоо, кыйноо өңдүү практикаларга чекит коюшу керек" дейт укук коргоочу.

"Былтыр Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев коңшу өлкөлөр менен карым-катнашты өнүктүрүүгө киришкен жана адам укуктарынын абалын оңдоо багытында кадамдар жасалган. Коңшу Кыргызстанда президент Сооронбай Жээнбековдун тушунда маалымат каражаттарына жана сөз эркиндигине чабуулдар азайды" деп белгиледи Уильямсон.

Ошол эле маалда уюм Тажикстан менен Түркмөнстанда терс тенденциялар сакталып жатканына, бул өлкөлөр кысымчыл саясатка ооп баратканына камтама болуп жатканын билдирди.

Казакстанда болсо адам укуктары жагынан оң жылыштар жок, бийлик фундаменталдуу эркиндиктерди чектеп жатат, деп эсептейт укук коргоочу топ.

XS
SM
MD
LG