Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:15

Денис Тенди өлтүргөндөр соттолду


Соттун жүрүшүнөн тартылган сүрөт.
Соттун жүрүшүнөн тартылган сүрөт.

Казакстанда белгилүү көркөм муз тебүүчү Денис Тенди өлтүрүү үчүн айыпталган эки киши 18 жылга кесилди. Аларга "Карактоо" жана "Уурдоо" беренелери боюнча да айып коюлду.

Тен былтыр 19-июлда бычак жегенден кийин Алматы ооруканасында кансырап каза тапкан. Тергөөнүн версиясы боюнча кол салгандар анын машинесинин күзгүсүн уурдоого аракеттенишкен. Ортодо чыккан мушташта спортчуга бычак сайылган. Полиция шектүү эки жигитти жана аларга көмөктөшкөн жаш аялды көп узабай кармаган.

Маркумдун энеси сотто баласы буюртма киши өлтүрүүнүн курмандыгы болгон деп эсептей тургандыгын айтты. Анын айтымында, Денис ал күнү муз тебүү аянтчаларын курмак болгон чехиялык инвесторлор менен жолугушмак, бирок ресторандын ээси болгон классташы улам-улам телефон чалгандыктан, пландарын өзгөрткөн.

Тен 5 жолу Казакстандын чемпиону болуп, Сочи Олимпиадасында коло медаль алган.

XS
SM
MD
LG