Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:07

Фeйсбук бурмаланган маалымат тараткан баракчаларды жапты


Фейсбук компаниясы мурдагы советтик мейкиндиктеги колдонуучуларды бутага алган делген жалган маалымат таратуу операциясынын бир бөлүгү болгон Фeйсбук жана Инстаграммдагы жүздөгөн баракча, топ жана аккаунттарды алып салды.

Компаниянын кибер коопсуздук саясаты боюнча жетекчиси Натаниэл Глайхердин айтымында, ал эки операция Орусиядан уюштурулганы аныкталган жана бири Украинага каршы багытталган. "Экөөнүн байланышы табылган жок", - деди Глайхер. Бирок башкалардын башын адаштырыш үчүн түйүндөрдү уюштуруунун бирдей тактикасын колдонушкан. Мисалы, 364 баракча жана аккаунттан турган бир түйүндүн “Спутник” телеканалынын кызматкерлери менен байланышы бар болуп чыккан.

Фейсбуктун соңку кадамынан кийин телеканал “Спутниктин” орусча жаңылыктары армян тилиндеги баракчага чыгып тураарын билдирди.

"Армян тилиндеги баракча блоктолсо, бизди Telegram, VKontakte, Twitterде окуп тургула", - деп эскертти “Спутник” Фейсбуктан.

XS
SM
MD
LG