Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:16

Ак-Суунун Чолпон айылында мектеп ачылды


Ү. Калиев атындагы жаңы мектептин ачылыш аземи. 18-январь, 2019-жыл
Ү. Калиев атындагы жаңы мектептин ачылыш аземи. 18-январь, 2019-жыл

Алты жылдан бери курулушу бүтпөй турган мектептин ачылыш аземи 18-январда болуп өттү.

Курулушу 2012-жылы башталган Үтүр Калиев атындагы орто мектеп Түркия берген гранттын эсебинен башталган. Экинчи транш кыргыз өкмөтүнөн бөлүнгөн, жалпысынан мектептин курулушуна 78 млн. сом сарпталган. Мектеп 225 орунга ылайыкталган.Учурда мектепте 368 окуучу, 29 мугалим эмгектенет.

Ачылыш аземге президенттин аппарат жетекчисинин орун басары Алмаз Кененбаев, Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева, ЖК депутаттары, Билим берүү министрлигинин статс-катчысы Жапаркул Ташиев, Ысык-Көл облус жетекчиси Акылбек Осмоналиев жана жергиликтүү жетекчилер катышууда.

Айылдагы 1968-78-жылдары курулган мурдагы мектеп 2008-жылы авариялык абалда деген чечим менен окууга жараксыз деп табылган.
Мектепке Жогорку соттун төрайымынын атасы Үтүр Калиевдин ысымы коюлган.(AsM)

XS
SM
MD
LG