Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө 18-январда түштө жана кечинде болжол менен ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жеткен шамал болушу мүмкүндүгүн эскертти.
Мындай маалымат саат 11:58дө таратылып, шамал бир саат аралыгында башталышы мүмкүн экени белгиленген.
Буга чейин ылдамдыгы 20 метрден ашкан шамалда дарактар кулап, автоунааларды басып калган, имараттардын чатырларын учуруп кеткен окуялар болгон.