Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:27

Ошто жаңы кодекстер боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө


Оштогу жыйын. 18-январь, 2019-жыл
Оштогу жыйын. 18-январь, 2019-жыл

Жаңы жылдан тарта ишке кирип жаткан жаңы кодекстер боюнча түшүндүрүү иштери Ош облустук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлүүдө.

18-январда прокуратура кызматкерлери облустук, райондук акимчиликтердин жана 91 айыл өкмөт башчыларына жаңы мыйзамдар жөнүндө маалымат беришти. Аларга кодекстерден тышкары кылмыштарды, жоруктарды жана тартип бузууларды "Кылмыш жана жазалардын бирдиктүү реестрине" каттоонун шарттары тууралуу да айтылды.

Катышуучуларга жасалган кылмыш, жорук жана башка тартип бузууларга каралган жоопкерчилик, иштерди кароо, айып пулдарды төлөтүүнүн жоболору жана эрежелери түшүндүрүлдү.

Аягында бардык катышуучуларга жергиликтүү бийлик ээлеринин жаңы кодекстерде каралган милдеттери тууралуу жазылган эскертме китепчелер берилди. Бул тууралуу прокуратурадан маалымдашты.

1-январдан тартып жаңы Кылмыш-жаза кодекси, Жазык-процессуалдык кодекс, Жазык-аткаруу кодекси, Жоруктар тууралуу кодекс жана Тартип бузуу жөнүндө кодекс күчүнө кирген.

Андан тышкары "Пробация жөнүндө" жана "Мунапыс жөнүндө" мыйзамдар иштей баштаган. Бул кодекстер менен мыйзамдар 2017-жылы кабыл алынган. Бирок коомчулукта жаңы кодекстердеги өзгөртүүлөрдү карапайым эл гана эмес, жетекчилер, күч кызматкерлери өздөрү да билбейт деген нааразылыктар айтылып келет. Мындай мазмундагы дооматты Жогорку Кеңештин айрым депутаттары 17-январда жаңы кодекстерди талкуулоо учурунда да айтып чыгышты.(MdN/ZKo)

XS
SM
MD
LG