Асеин Исаевди Индияга Кыргызстандын атынан элчи кылып жиберүү сунушун Тышкы иштер министрлиги берген. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин эл аралык мамилелер, коопсуздук жана коргонуу комитетинен "Азаттыкка" кабарлашты.
Асеин Исаев 2015-жылдан бери Кыргызстандын Бельгия, Нидерланд, Люксембург жана Франциядагы элчиси, НАТО менен ЮНЕСКОдогу туруктуу өкүлү болуп иштейт.
Апта башында президент АКШ, Орусия, Кытай жана Түштүк Кореяга жаңы элчилерди дайындаган буйругун чыгарган.(ZKo)