Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:22

Трамп АКШнын ракетадан коргонуу системасы кеңейтилерин жарыялады


Дональд Трамп Пентагондогу жыйында сүйлөп жатат. Вашингтон, 17-январь, 2019-жыл.
Дональд Трамп Пентагондогу жыйында сүйлөп жатат. Вашингтон, 17-январь, 2019-жыл.

Трамптын айтымында, АКШ ракетадан коргонуунун заманбап каражаттарына ээ болуп, Орусия, Кытай, Иран, Түндүк Кореядан артыкчылыгын сактоо үчүн жаңы технологияларды иштеп чыгат.

"Ракетадан коргонуу боюнча жаңы стратегия космосто жайгаша турган жаңы технологияларды да камтыйт. Алар “душмандын ракеталарын аныктап, артынан сая түшүп, жок кыла алат”, - деди Трамп 17-январда Пентагондо сүйлөп жатып.

АКШ президенти жаңы стратегиянын алкагында Вашингтон Аляскада ракетаны атып түшүрө алган 20 жабдууну жайгаштыра турганын билдирди.

Аляскадагы базада мындай жабдуулардын 44ү жайгашкан.

Трамп АКШ жаңы технологияларды жана ракетадан коргонуу системасын өнөктөштөр менен бөлүшүүнү убада кылды, бирок алар коопсуздугу үчүн өздөрү да көбүрөөк төлөшү керектигин кошумчалады.

Орусиядан парламенттин жогорку палатасы - Федерация кеңешинин Коргонуу жана коопсуздук комитетинин төрагасы Виктор Бондарев Трамптын жарыясына реакция жасаганда “ракеталарды аныктоо үчүн космосто жайгашуучу датчиктердин кошумча катмарын орнотуу чыңалууну күчөтүүчү саясаттын компоненти катары караларын” белгиледи.

АКШ президенти ракетадан коргонуу боюнча жаңы стратегияны Вашингтон Орто аралыктагы өзөктүк күчтөр боюнча макулдашуудан чыгууну караштырып жаткан учурда жарыялады.

Ал келишимге мындан 32 жыл мурда, 1987-жылы СССРдин лидери Михаил Горбачев менен АКШнын ошол кездеги президенти Рональд Рейган кол койгон. Келишим учуу аралыгы 500дөн 5500 чакырымга чейин жетүүчү жана жерде жайгаштырыла турган канаттуу ракеталарды жасоого тыюу салган. (UE)

XS
SM
MD
LG